Токмок шаарында 250 окуучуга ылайыкталган мектеп-интернатты пайдаланууга берилди

Токмок шаарында 250 окуучуга ылайыкталган мектеп-интернатты пайдаланууга берилди.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, билим берүү комплексин

куруу үчүн 25,5 миң  чарчы метр аянт бөлүнүп, демөөрчүлөр тарабынан 79 миллион сом берилген.

Каражатка спорт залы, эки жатакана, ашкана, кыздар жана балдар үчүн устаканалар, нан бышыруучу

цехи бар эки кабаттуу окуу имараты курулду. Бул билим берүү мекемесинде аз камсыз болгон

үй-бүлөлөрдүн балдары билим алышат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт.