Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу аяктоо алдында турат.
Биринчи этаптын алкагында оңдоло турган тилкенин 45 чакырым
аралыгына эки катмар асфальт төшөлдү. Бул Бишкекке кире бериштеги
мамлекеттик унаа инспекциясынын түйүнүнөн Кара-Балта шаарына
чейинки бөлүк. Эми жолго белгилерди чийүү жана жарыктандыруу иштери
аткарылат, — деди Novosti.kgге унаа жана жолдор министрлигинин адиси
Тагай Алимбаев. Бул максатта 70 миллион доллар багытталды.
Каражат Азия өнүктүрүү банкы аркылуу берилди.