Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 446 адам эмдөөдөн өттү.
Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 613 адам вакцинанын биринчи
дозасын, 5 миң 833 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы
1 млн 55 миң 832 адам вакцинанын биринчи компоненти менен,
ал эми 836 миң 649 жаран экинчи компоненти менен эмделди.