Президенттик шайлоо алдында тилкелер коопсуздукка текшерилип жатат

Президенттик шайлоо алдында тилкелер коопсуздукка текшерилип жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, шайлоо участкаларында өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштер жүрүүдө.

 

Комиссия мүчөлөрү коопсуздук чаралары менен тааныштырылат. Өзгөчө көңүл алыскы райондорго жана айылдарга бөлүнөт, — дешти ведомстводон.

 

Эске салсак, 10-январда Кыргызстанда референдум жана президенттик шайлоолор өтөт.