Бишкек-Ош унаа жолу кардан тынбай тазаланып жатат

Бишкек-Ош унаа жолу кардан тынбай тазаланып жатат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында тыгындарды алдын алуу максатында жолчулар трассаны тазалап, инерттүү материал түндөн бери себилип жатат.

 

Бишкек-Ош багытында сапарга чыккан айдоочуларга жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.