Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус курулат.
Бул максатта Катар өнүктүрүү фонду 9,3 миллион доллар бөлүп бериши мүмкүн, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.
Маалыматка ылайык, курулуш долбоору Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа бин Жассим Аль-Кувари менен болгон жолугушууда талкууланды.