Токтогул суу сактагычынан агып чыккан суунун көлөмү кирген сууга караганда 5 эсе көп болууда.
“Электр станциялар” компаниясынын маалыматына ылайык, башкы резервуардан секундасына 773 кубометр нымдуулук агып чыкса, кирген көлөм болгону 158 кубду түзүп жатат.
20-февралга карата Токтогулдагы суунун жалпы көлөмү 8,4 миллиард кубометрди түздү. Бул акыркы жылдардагы эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет.