Бишкек тургундарына таза сууну сарамжалдуу колдонуу сунушталууда

Бишкек тургундарына таза сууну сарамжалдуу колдонуу сунушталууда. Мэрия маалыматына ылайык, ордо калаада жыл сайын муздак сууну керектөөчүлөрдун саны өсүп жатат.

 

Эгер өткөн жылы 263 миң абонент болсо, быйыл алардын саны 270 миңден ашат. Калктын көбөйүшү менен, суу колдонуу көрсөткүчү дагы өсүүдө.

 

Эске салсак, Бишкекте суу тартыштыгынан улам, жеке мончолор, унаа жуучу жайлар жана бассейндер жабылып жатат. Андан тышкары, айрым райондордо таза суу атайын график менен берилип баштады.