Кыргызстан Кытай менен биргеликте 6 гидроэлектростанция курууну пландап жатат.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 1 миң 100 мегаваттан ашат.
Алар Сары-Жаз дарыясында жайгашат. Бийликтен белгилешкендей, долбоордун максаты – өлкөдөгү электр энергиясынын дефицитин азайтуу жана керектөөчүлөргө берилүүчү электр кубатынын сапатын жакшыртуу.