Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда

Бишкекте мыйзамсыз тургузулган объектилерди алуу уланууда. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштерди Жер колдонуу башкармалыгы жасап жатат. Бул жолку текшерүүнүн жүрүшүндө Баялинов көчөсүндө жана Жибек Жолу проспектисинде 63 жарнамалык баннер алынды.

 

Андан тышкары, Чолпон-Ата көчөсүндө курулуш компаниясына бетондук тосмону алуу тууралуу эскертүү берилди.