Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү спирт ичимдиктерин жана суусундуктарын сатууга милдеттендирилиши мүмкүн

 

Кыргызстанда кафе-ресторандар жергиликтүү өндүрүштөгү спирт ичимдиктерин жана суусундуктарын сатууга милдеттендирилиши мүмкүн. Мындай демилге менен Экономика министрлиги чыкты.

 

Ведомстводон такташкандай, ассортиментте жок дегенде продукциянын 50 пайызы Кыргызстанда өндүрүлгөн болушу керек.

 

Демилгечилердин пикиринде, мындай талап жергиликтүү ишкерлерди колдоп, улуттук суусундуктарды жайылтууга шарт түзөт.