Бишкек ЖЭБи кадимки режимде иштеп жатат. Күн сайын борборго 6-7 миң тоннадан көмүр жеткирилип жатат. Бул орточо эсеп менен 90 вагон жана 15 жүк ташуучу унааны түзөт.
Отун ташуу графикке ылайык жүрүүдө. Учурда жылуулук-электр борборунда 280 тонна көмүр жана 2 тоннадан ашык мазут бар. Бул электр энергиясын жана жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз берүү үчүн жетиштүү көлөм.
Жалпысынан күз-кыш сезонун ийгиликтүү өткөрүүгө 1 миллиондон ашык көмүр, 70 миллион кубометр газ жана 5 тоннадай мазут талап кылынат.