Токтогул суу сактагычында 10,5 млрд куб метр суу бар

26-декабрга карата Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмү 10,589 млрд метр кубду түздү. Бул декабрь айынын башындагы көрсөткүчтөн 822 млн метр кубга аз.

«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, 26-декабрда суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундуна 173 метр кубду түзсө, 546 метр куб суу агып чыгууда.

Токтогул суу сактагычынын чөйчөгүнө 19 млрд метр кубдан ашуун суу батат. Акыркы жолу суу сактагычка 2010-жылы 19 млрд метр куб суу чогулган.

Суу сактагычтагы суунун тиешелүү өлчөмдөн аз болушу Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгына алып келет. Ушундан улам быйыл бийлик энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Энергетика министрлиги быйыл кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбосун, таңсыктыкты жоюу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Орусия менен электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөнүн маалымдаган.