Өткөн жылы Кыргызстан сыртка 73 миң 900 баш ири мүйүздүү мал экспорттогон.
Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Улуттук статистика комитетинин акыркы жылга болгон маалыматын анализдей турган болсок, 2023-жылы ири мүйүздүү малды экспорттоо рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Белгилеп кетсек, 2020-жылдын июль айынан 2021-жылга чейин малды сыртка чыгарууга тыюу салынган.