Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү башталды.
“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Канатбек Ашырбаевдин айтымында, ордо калаанын жылуулук-электр борборуна күзгү-кышкы сезонго 1 миллион 200 миң тонна кара отун керектелет.
Ал эми республика боюнча жалпы керектөө 2 миллион 700 миң тоннадан ашат. Жакынкы арада Казакстандан 550 миң тонна көмүр импорттоо пландалууда, — деди Ашырбаев.