Бишкекке жылуу аба-ырайы көпкө болбосо дагы кайтып келет

Бишкекке жылуу аба-ырайы көпкө болбосо дагы кайтып келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, эртең эле термометр мамычаларынын көрсөткүчү кайрадан жогорулап баштайт.

 

Аба табы +12 градуска чейин жылып, шамал болбойт. Ал эми жекшембиде 14 градуска дейре жылуу болот. Жаан бүгүн гана себелейт. Кийинки жуманын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөгөнү менен, 4-ноябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт. 5-ноябрга караган түнү кар жаап, 12 градуска чейин суук болот.