Бишкекте 1-класстын окуучулары бүгүнтөн тартып каникулга тарады
Бул тууралуу 24 агенттигине шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, балдар кийинки дүйшөмбү 22-февралда кайра мектеп парталарына кайтып келет.
Башкармалыктан белгилешкендей, буга карабай 1-класстар үчүн кошумча каникул боюнча
ар бир район өзү чечим кабыл алат. Эске салсак, жалпы мектеп окуучулары
жазгы каникулдун алкагында 22-марттан 30-мартка чейин эс алышат.