Бишкекте 150дөн ашык жарнама объектиси алынды

Бишкекте 150дөн ашык жарнама объектиси алынды.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Чүй проспектиси, Москва, Гоголь жана Лумумба көчөсү боюнча штендер, баннерлер, демонтаждалды.

Ал эми Тыныстанов көчөсүндөгү темир тосмо алынды.

Ошондой эле Алыкулов, Гоголь, Москва көчөлөрү боюнча күркөлөр, жеңилдетилген типтеги 15 объект демонтаждалды.

Учурда бул багыт боюнча дагы иштер жүрүп жатат.