Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо ниетинде

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо ниетинде. Мындай пландар менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бөлүштү.

 

Анын айтымында, Кытайга электр энергиясын сатуу боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Жакынкы арада аталган өлкө менен макулдашууларга кол коюлат. Болжол менен бир киловатт-саат 6-8 центтен сатылат деп пландалууда.  Белгилеп кетсек, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда, буга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып келет.