Бишкекке газ менен жүргөн 50 автобус алып келинди

Бишкекке газ менен жүргөн 50 автобус алып келинди. Мэриянын маалыматына караганда, Кытайдан келген транспортто жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар бар.

 

Жыл аягына чейин 500 автобус алып келинет. Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында жетишилген макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 1 миң автобус келери кабарланган. Буга чейин 120 автобус шаарга каттамга чыгарылган.

 

Жаңы автобустар 15-сентябрга чейин жүргүнчү ташып баштайт.