Бишкекте Фрунзе-Турусбеков көчөлөр кесилишинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды

Бишкекте Фрунзе-Турусбеков көчөлөр кесилишинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта Манас проспектисинен Шевченко көчөсүнө чейинки тилке унаа кыймылы үчүн жабылат.

 

Оңдоо иштери 5-июнга чейин жүргүзүлөт деп пландалууда. Жумуштардын экинчи этабында Абдымомунов-Фрунзе тилкеси чектелет. Бул жерде иштер качан башталат азырынча белгисиз.