Кыргызстандын бардык стратегиялык кендери эми жергиликтүү мамлекеттик компаниялар тарабынан гана иштетилет

Кыргызстандын бардык стратегиялык кендери эми жергиликтүү мамлекеттик компаниялар тарабынан гана иштетилет.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей,  бул максатта “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Андан тышкары, бийлик лицензияларды кармап туруу үчүн ставкаларды жогорулатты.

 

Бул айрым кен иштетүүчүлөр тарабынан кармалып жаткан лицензияларды кайтаруу үчүн кабыл алынган чара.