Бишкекте абанын сапаты боюнча инспекция түзүлдү. Мындай жол менен калаа бийлиги кара түтүн жана ыш менен күрөшүү ниетинде. Уюм эки шаар кызматынан түзүлдү – санитардык жана көрктөндүрүү боюнча инспекциядан.
Пилоттук долбоор 2 жылга эсептелет. Эми кызматкерлер атмосфераны сактоо боюнча талаптардын аткарылышын текшерип, административдик жазага тартуу укугуна ээ.
Бир күндө эле Бишкекте ондогон бузуулар аныкталып, 450 миң сомго айып салынды.