Бишкекте атайын мектептер жана бала бакчалар ишин жандантат

Бишкекте атайын мектептер жана бала бакчалар ишин жандантат. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган мекемелерди ата-энелердин көптөгөн кайрылууларынан кийин ачуу чечими кабыл алынды.

 

Салтка айлангандай, бардык объектилер санитардык талаптарды аткаруу талабы менен ачылат. Аларга кирүү фильтрлерин орнотуу, имаратты улам желдетип туруу, беткап режимин сактоо жана ар бир баланын ден-соолугун каттоо үчүн атайын журнал жүргүзүү талаптары кирет.