Аламүдүн районуна караштуу Мраморный айылында катуу шамал 17 үйдүн чатырын учуруп кетти.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, айылда шамалдан бак-дарактар, электр мамылары жабыркап, жарык үзгүлтүккө учураган.
Табигый кырсык катталган жерге министрликтин Аламүдүн райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн төрт өкүлү жана электриктердин 3 бригадасы тартылып, кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.