Бишкектеги «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат

Бишкектин Чүй/Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Ожак кебап» кафеси буздурулуп жатат.

 

Шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев билдиргендей, аталган кафе жөө адамдар өтө турган тротуардын аянтын ээлеп алган үчүн буздурулууда.

 

«Бул жер негизинен 5 жылдык ижарада болчу. Ушул жылдын 8-августунда комиссиянын чечими менен ижара келишими жокко чыгарылган. Андан тышкары, өзүңүздөр байкагандай, тротуардын бөлүгүн ээлеп алган. Бул жерди буздуруп жатканыбыздын бирден-бир себеби жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарды кеңейтүү» , — деди Орунтаев.