Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар кайра көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар кайра көбөйүүдө.

 

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, соңку бир жумада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 10 миңден ашты. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 22,5 пайызга көп.

 

Ооруга чалдыккандардын 65 пайыздан көбү балдар. Сасык тумоого кабылгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй облусу жана Баткен облусунда катталууда.