Садыр Жапаров президент алдында билим берүү жана жаштарды колдоо фондун ачуу жарлыгына кол койду

Садыр Жапаров президент алдында билим берүү жана жаштарды колдоо фондун ачуу жарлыгына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчы администрациясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ага ылайык, буга чейинки Билим берүү фонду Билим берүү жана жаштарды колдоо фондуна өзгөртүлөт. Андан тышкары, фонддун ишин тейлөөчү атайын комиссия түзүлдү.