Бишкекте бий спорту боюнча чемпионат өтөт.
Мэриянын маалыматына караганда, мелдеш 5-декабрь,
ушул жекшембиде балдар, жаштар жана чоңдор арасында
уюштурулат. Анда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан
300дөн ашык бийчи ат салышат. Иш-чараны дене тарбия
башкармалыгы менен бий спорту федерациясы биргеликте
уюштурат. Чемпионат ордо калаадагы мектептердин биринде өтөт.