Россияда рактын бир түрүнө дары ойлоп табылды

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги эмчек рагын дарылай турган препаратты клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу дарыны иштеп чыккан Илимдер академиясынын

Сибирдеги бөлүмү жарыялады.

«Бул гендик-модификацияланган онкологиялык вирустун негизинде жасалган, залалдуу шишикке каршы иштей турган Россиядагы алгачкы препарат. Клиникалык сыноого чейинки текшерүүлөр маалында модификацияланган вирус шишикке барганда, ага каршы иштеп, бирок таза клеткаларга зыянын тийгизбей турганы белгилүү болду.

Ошондой эле сөз болуп жаткан препарат метастаздарды өз алдынча издеп таап, аларды жок кылууга аракет кылары аныкталган.

Гендик инженериянын өнүгүшү рак клеткаларын жок кылып гана тим болбостон, залалдуу шишикке каршы иммунитетти пайда кыла турган жаңы вирустарды жасоого мүмкүнчүлүк берет.