Бишкекте «Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө» аталышында форум өтүүдө

Бишкекте этникалар аралык мамилелерге жана «Кыргыз жараны» концепциясын жүзөгө ашырууга арналган «Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө» аталышындагы форум өтүүдө.

 

Форумга мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер кабинетинин, этникалык азчылыктардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана диаспоралардын мүчөлөрү катышууда.

 

«Кыргыз жараны» түшүнүгү өлкөнүн – Кыргыз Республикасынын аталышынан келип чыккан жана бардык этностук жамааттарды этномаданий өзгөчөлүгүн сактоо менен бириктирген жалпы жарандык иденттүүлүк болуп саналат.