“Социалдык келишимдин” алкагында иш баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар

“Социалдык келишим” программасынын алкагында өз ишин баштагандардын 96%дан ашыгы аялдар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева “Аялдардын ишкердиги – 2023” көргөзмөсүн ачып жатып билдирди.

 

«Программанын аркасында 70 миңден ашык адам жашоосун жакшыртты, анын ичинен 43 миңи 16 жашка чейинки балдар. Программанын катышуучуларынын 96%дан ашыгы аялдар. Бул эл аралык деңгээлде таанылган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруунун эң жакшы инструменттеринин бири», — деди министрдин орун басары.

 

Анын айтымында, Кыргызстанда аялдардын ишкердиги өзгөчө мааниге ээ болуп, акыркы жылдары жеке бизнесин түзүүнү жана өнүктүрүүнү чечкен аялдардын саны көбөйдү.