Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды онлайн каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирет. Бул тууралуу президент администрациясынын санариптештирүү бөлүмүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында транспорттук каражатты каттоо бөлүмүнө барбастан, унааны сатуу жана сатып алууда банк аркылуу каттап алса болот. Программа бир жылга эсептелген.

 

Эгер ал ийгиликтүү ишке ашса, анда тиешелүү нормативдик-укуктук актылар кабыл алынат.