Бишкекте чуркоо боюнча эл аралык марафон өтөт.
Жарыш «Ала-Тоо» аянтынан башталып, ордо калаанын негизги
көчөлөрүн айланып 5, 14 жана 21.1 чакырым аралыкка чуркашат.
Ошондой эле ага жаш балдар дагы катышса болот. Күтүлгөндөй,
бул марафонго 4 миң профессионал жөө күлүк жана спорт
сүйүүчүлөрү катышат. Аталган марафон быйыл экинчи ирет өтүп жатат.