Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрдын имараты толук оңдоодон өтөт

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрдын имараты толук оңдоодон өтөт. Капиталдык ремонттук иштерди жүргүзүүгө тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

 

Калыбына келтирүүгө 76,5 миллион сом жумшалат. Арыздар 5-сентябрга чейин кабыл алынат.