Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Каныбек Иманалиев кол койду.
Окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Жаңы окуу жылында ижара акыны көтөрүү пландалган эмес. Бирок келечекте баанын жогорулашы менен ижара акынын өлчөмү өсүшү мүмкүн, — дешти ведомстводон.