Бишкекте дүйнөлүк IT-лидерлердин башын бириктирген форум өтөт

Эртең, 24-мартта Бишкекте дүйнөлүк IT-лидерлердин башын бириктирген Борбор Азия технологиялык форуму өтөт.

Форумга Amazon, Washington University өкүлдөрүнүн, ошондой эле IT компаниялар жана маалыматтык технологиялар боюнча факультеттер каралган университеттер менен кызматташууга кызыктар Япония жана Корея мамлекеттеринен келген делегациялардын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын күн тартибинде эл аралык рынокторго чыгуу үчүн стартаптарды талдоо, алар боюнча кеңеш берүү боюнча сессиялар, Германия, Корея, АКШ жана Япониялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү максатында билим берүү мекемелеринин биримдигин түзүү, ошондой эле IT тармактагы жетишкендиктер үчүн Tech Awards сыйлыгы каралган.

Иш-чараны Жогорку технологиялар паркы, президенттин администрациясы, Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы уюштурууда.