Бишкекте “Дордой” базарына каттай турган автобус линиялары түзүлөт

Бишкекте “Дордой” базарына каттай турган автобус линиялары түзүлөт. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ага чейин атайын комиссия тилкени изилдеп чыкты.

 

Жыйынтыгында коомдук транспорт каттамын кое берүү үчүн ички жолдорду кеңейтип, жол боюндагы парковка, соода түйүндөрүн алуу, тиешелүү белгилерди орнотуу чечими кабыл алынды.