Кыргызстанда курч респиратордук вирустар күч алууда. Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришкендей, өткөн жумада 4 миң 800 учур катталды, бул ага чейинки аптага салыштырмалуу 9 пайызга көп.
Вируска кабылгандардын басымдуусун жаш балдар түзөт. Жума сайынкы мониторинг уланууда.
Дарыгерлер сасык тумоо жана вирустарды алдын алуу үчүн бет кап режимин сактап, санитардык-гигиеналык чараларды колдонуп, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартууга чакырат.