Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылды

Бишкекте ишкерлерди тейлөө борбору ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, мындан ары ишкерлерге мамлекеттик кызматтардын дээрлик бардык түрү бир жерде көрсөтүлөт.

 

Алсак, юридикалык жактарды, жеке ишкерлерди каттоо, кайра каттоо, ишин токтотуу; салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду жана декларацияларды берүү сыяктуу иштерди Ибраимов жана Жибек Жолу көчөлөрүндө жайгашкан Калкты тейлөө борборунан бүтүрсө болот.

 

Кошумчалап кетсек, кийин мындай борборлор республиканын бардык аймактарында ачылат.