Интернет дүкөндөр, блогерлер жана электрондук түрдө кызмат көрсөткөндөр кирешесинен 2 пайыз салык төлөшөт

Интернет дүкөндөр, блогерлер жана электрондук түрдө кызмат көрсөткөндөр кирешесинен 2 пайыз салык төлөшөт.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Электрондук түрдө кызмат көрсөткөн салык төлөөчүлөрдү каттоо субъекттер тарабынан Кыргызстанда катталган домендик аталыш же IP-дарек колдонулганда жүргүзүлөт.

Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөндөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке байланган башка виртуалдык төлөм шаймандары аркылуу ушул ишке таандык бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү болот.