Бишкекте үй шартындагы 2 бала бакча ачылды

Бишкекте үй шартындагы 2 бала бакча ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алардын бири Жибек Жолу проспектисинин Исанов көчөсү менен кесилишинде жайгашса, экинчиси Ак-Босого конушунда орун алды.

 

Ведомстводон эскертишкендей, мындай үй шартындагы бала бакчалар “Өкмөттүн акселераторлор” программасынын алкагында түзүлүүдө.

 

Демилге мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү максатында көтөрүлдү. Үйдө бала бакча ачууну каалагандардан арыз кабыл алуу уланууда.