Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Эмомали Рахмон 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышат.
Буга чейин ушул эле аба майдандан Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди тосуп алышкан.