Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жай ачылды

Бишкектин Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачылды.

Мэриянын маалыматына караганда, үй-жайсыз жарандарга 40 орундуу жай уюштурулду.

Имарат төшөк-жууркан менен камсыздалып, баш калкалоого ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Алсак, кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.

Ал эми бул жерге муктаж болгондор өздөрү келе алышат же аларды укук коргоо жана тез жардам кызматкерлери жеткиришет.