Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Аламүдүн айылында жаңы суу мунарасы курулду.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мунара 2 млн 70 миң сомго курулуп, анын көлөмү 100 метр кубга барабар.
Бул өлчөм 19,5 гектар аянтты, башкача айтканда, 320 турак үй жайгашкан 4 көчө менен 271 батирлүү 11 көп кабаттуу үйдү тейлөөгө жетет.
Суу мунарасынын баасы 1 млн 520 миң сомду түзсө, суу 230 метр тереңдиктен чыгарылып, жер иштерине 550 миң сом жумшалды. 11 айда ишке ашкан бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.