Бишкекте эртең жылуулук сезону башталат. Тиешелүү чечим мэриянын жыйынында кабыл алынды. Жылуулук алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө, социалдык коргоо мекемелерине берилет.
Экинчи кезеке турак-жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулук үчүн карызы жок керектөөчүлөр кошулат.
Объектилерди туташтыруу бир нече күнгө созулат.