Кыргызстандык мушкерлер эл аралык турнирден 4 медаль менен кайтты

Кыргызстандык мушкерлер эл аралык турнирден 4 медаль менен кайтты. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 29-марттан

3-апрелге чейин Сербиянын Белград шаарында өттү.

 

Сейитбек Мунарбек уулу жана Өмүрбек Бекжигит уулу алтын медалдарды тагынып, чемпион наамын алышса, Нуржигит Дүйшөбаев күмүш, Санжай Сейдакматов коло медалга ээ болду. Жалпы командалык эсепте Кыргызстан курамасы үчүнчү орунду алды.