Түп районунун Ак-Булак айылында кийим тигүү фабрикасы ачылды

Түп районунун Ак-Булак айылында кийим тигүү фабрикасы ачылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда,

өндүрүштүн ишке кириши менен 100 адамга жаңы жумуш орду түзүлдү.

Фабриканы түзүүгө дээрлик 35 миллион сом багытталды. Каражатты

аймакты өнүктүрүү фонду жана жеке ишкана бөлүп берди.