Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүүдө.

 

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

 

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышууда.