Бишкекте коронавируска каршы кайталап эмдөө бүгүнтөн тартып башталат

Бишкекте коронавируска каршы кайталап эмдөө бүгүнтөн тартып башталат.

Ал эми аймактардагы жашоочулар 1 жуманын ичинде 3-ирет эмдөөдөн өтүп

баштайт, — деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Эмдөөдөн

өткөндөрдүн санын көбөйтүү максатында 16 жаштан 18ге чейинки өспүрүмдөрдү,

кош бойлуу жана бала эмизген айымдар да вакцина алат. Эске салсак, буга чейин

ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев жазында вакцина алгандарда

антителонун көрсөткүчү төмөн болушу ыктымал, андан улам ревакцинациядан

өтүү керек деп билдирген.  Бүгункү күндө вакцинациянын

толук курсунан калктын 37 пайызы өттү.